УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин кармалды

УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин кармалды

20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

13-майда Ош облусунда атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 килограммдан ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынган. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки кыргыз жараны 98-берененин негизинде айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затынын колго түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү болду.

2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>