Чүйдө унаа чыгарган заводдун курулушуна капсула салынды

Чүйдө унаа чыгарган заводдун курулушуна капсула салынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, заводду куруу боюнча макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл январь айында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Өз ара сапарлар жүргүзүлүп жатат, бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулар менен ырасталган.

Мунун далили катары мына бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор», — деди Жапаров.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт жана 1000ден ашуун жумуш орундары түзүлөт.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен унаа чыгаруучу ишкана ачууну пландап жатканы маалымдалган. Ага ылайык, Чүй облусунун аймагында автоунаа чыгаруучу завод курулат. Анда 19 түрдөгү автоунаа чыгаруу каралууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын «Нур» жана «ДТ Техник» ишканалары, ошондой эле «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы унаа чыгарышат.

Кыргызстанда унаа чыгарган завод ачылат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>