Кыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болотБишкекте «Манас» аэропортуна баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылатМинистрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылдыКытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди
Бишкекте дүкөнгө ууруга киргендер милицияга каршылык көрсөттү
12.05.2023 | 09:20
Бишкек шаарынын дүкөндөрүнүнүн бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин күзөт кызматынын кайтаруусунда турган Бишкектеги “Космос” дүкөнүнүн ээси видеобайкоодон 2 жаран дүкөндүн ичинен товарларын уурдап жатканын байкап, айгай баскычын баскан.
Ошол замат, милициянын ыкчам тобуна “айгай” белгиси берилип, алар окуя жерине чыккан.
Ыкчам топ окуя жерине барганда, “Космос” дүкөнүнүн ичинен 2 жаран милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылышкан. Бирок алар кармалып, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз