Бишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилетОрточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керек
Чүйдө унаа уурдап бараткан адам жол кырсыкка кабылды
18.04.2023 | 10:44
Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, 16-апрелде саат 12:00 чамасында Карл Маркс айылындагы «Гуля» дүкөнүнүн жанынан Honda HR V үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.
“Шектүү унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, башкаруусун жоготуп, электр линиясынын бетон мамысын сүзгөн. Унаа уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», – деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Октябрь айылынын 36 жаштагы тургуну экени аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом