«Чемпион» каймана аты бар мэр Урмат Самаев тууралуу фактылар

«Чемпион» каймана аты бар мэр Урмат Самаев тууралуу фактылар

УКМК Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевди «кызмат абалынынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармады.

Маалым болгондой, «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схема түзүлүп, жеке үйлөр борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуп келген. Бул схемадан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Самаевге түшүп турган.

Урмат Самаевдин өмүр баяны:

Урмат Самаевдин «чемпион» каймана аты бар. Ал 1986-жылы 25-майда Чүй районунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн.

Билими:

2004 — Чүй районундагы №2 орто мектепти аяктаган;

2004-2012 — Юридикалык академияда юриспруденция факультетин бүтүргөн;

2006-2007 — Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча тренер;

2012-2015 — Токмок шаардык кеңешинин депутаты;

2016-2021 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, «Кыргызстан» фракциясы;

2018-жыл, июль — Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын вице-президенти;

2019-жыл, январь — Кыргызстандын Аргымак федерациясынын президенти.

2021-жылдын август айынан бери Токмок шаарынын мэри кызматын ээлейт.

Токмоктун мэри Самаевдин кармалышынын чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>