Супарада «Булуттар» поэзия кечеси өттү. Сүрөтбаян

Супарада «Булуттар» поэзия кечеси өттү. Сүрөтбаян

Супара этнокомплексинде 23-сентябрда «Акбарак» коомдук фонду уюштурган «Булуттар» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Ыр кечеде улуу жана жаш муундагы акындардын ырлары окулду.

Жаш өнөрпоздор Роза Рысбек менен Өзгөрүш Абакиров кыргыз поэзиясынын генийи Алыкул Осмонов баштаган акындардын, Омор Султанов, Зайырбек Ажыматов, Элмирбек Иманалиевдин, жаш акындар Максат Жаңгазиев, Нурболот Азамат жана башкалардын ырларын көркөм окуду.

Ачык асман алдында өткөн иш-чарага угамандар, айрыкча жаштар көп келди. Бул поэзия кечеси келген конокторду кайдыгер калтырган жок өңдөнөт. Дээрлик эки саатка созулган кечеде келгендер ыр окугандарды кунт коюп угуп отурушту.

Бул кече ыр сүйүүчүлөргө кыргыз поэзиясын, анын ичинде жаш акындардын чыгармалыгы менен тааныштыруу максатында уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>