Жапаров салык кызматындагы 4 жетекчини иштен алууну сунуштады

Жапаров салык кызматындагы 4 жетекчини иштен алууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча салык кызматынын бир катар кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, аймактарда иштеген фискалдык органдын айрым өкүлдөрүн кызматтан төмөндөтүү сунушталып, ал эми бир катар кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуу мүмкүндүгү каралмакчы.

Алсак, кызматтан алуу керек болгон тизмеге Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынын жана Токтогул, Ысык-Ата райондорунун салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери кирди.

Кызматынан төмөндөтүү үчүн Токмок шаардык, Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп, Москва, Манас, Алай, Өзгөн, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун салык кызматы башкармалыктарынын башчылары сунушталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>