Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
КМШ саммити. 8 президент Бишкекте жыйын өткөрүүдө
13.10.2023 | 15:17
Бүгүн Бишкекте КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саммити өтүүдө. Иш чара Кыргызстандын төрагалыгында өтүп, ага Садыр Жапаров, Владимир Путин, Илхам Алиев, Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышууда.
Садыр Жапаров конокторду мамлекеттик резиденцияда тосуп алды.
Программага ылайык, саат 16.00-17. 00дө Садыр Жапаров атынан конокторго сый көрсөтүү аземи өтөт. Андан кийин КМШ лидерлери өлкөлөрүнө учуп кетишет.
Уюм 1991-жылы үч өлкө ортосунда түзүлүп, кийин анын курамы 12ге кеңейген. 2009-жылы Грузия, 2016-жылы Украина, 2022-жылы Молдова келишимди токтотот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз