Бишкекте үч тилде окута турган үй тибиндеги бала бакча ачылды

Бишкекте үч тилде окута турган үй тибиндеги бала бакча ачылды

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги “Edu kids” балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мында билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Үй тибиндеги балдар бакчасынын ачылышына Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, ата-энелер жан балдар катышты.

Нурзида Касымова балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн министрлик үй тибиндеги бала бакчалардын санын көбөйтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Үй тибиндеги бала бакчанын негиздөөчүсү Зарема Исмаилова «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында толук окуу курсунан өтүп, жеке ишкер катары катталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>