Бишкектеги «Акыркы коңгуроо»: милиция ондогон мыйзам бузууларды аныктадыКөңүл бургула! 1-июнда Ала-Тоо аянтынын тегерегинде унаа кыймылы чектелет«Наристе» эл аралык балдар фестивалы: Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкинодон делегациялар келдиШаар тургундары менен жолугушуулардын жыйынтыгы — Бишкек мэрине 1,4 миң кайрылуу келип түштүБишкектин жолдорундагы атайын тилкелерди таксилер жана атайын техникалар үчүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралуудаСадыр Жапаров «Бишкек Аренанын» курулушун мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды
Чүйдөгү жеке ишкердин өлтүрүлүшү. Шектүү 2 айга камакка алынды
30.06.2023 | 16:46
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Чүйдүн Сокулук районунда жеке ишкерди өлтүрүүгө шектелип кармалган 31 жаштагы жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, шектүү №1 тергөө абагында камакта болот.
Милиция учурда тергөө уланып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда, тергөөнүн купуялуулугуна таянып башка маалымат берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, 10-июнда милицияга Романовка айылында пескоблок чыгарган цехтин аймагында киши колдуу болгон ишкананын ээси, 41 жаштагы У.У. аттуу жарандын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран кармалган.