Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга сынак жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, сынак 11 номинация боюнча жүргүзүлөт. Талапкерлердин жаш курагы 35 жаштан жогору болбошу керек. Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттартарга диплом, төш белги жана 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.

Номинациялар:

— «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма»;

— «Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма»;

— «Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик»;

— «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)»;

— «Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор»;

— «Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы»;

— «Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарий, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)»;

— «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш»;

— «Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик»;

— «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик»;

— «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн».

Талап кылынуучу документтер:

— сунуштоочу кат;

— чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколу;

— кыскача өмүр баяны (4×6 см 2 фотосүрөт);

— чыгармачылык мүнөздөмө;

— сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;

— иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 10-августка чейин кабыл алынат,

Дареги: Бишкек ш. Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>