Комитет Акылбек Эшимовду БШКнын мүчөлүгүнөн бошотууну карады

Комитет Акылбек Эшимовду БШКнын мүчөлүгүнөн бошотууну карады

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе каралып, колдоо тапты.

Комитеттин чечими эми парламенттин жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, Эшимов 2021-жылдын 11-сентябрында ири суммадагы шылуунчулук жасаган деген шек менен кармалган. Ага Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Эшимов А.Д. аттуу адамга 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан «Кыргызстан» партиясынын алдынкы бештигине өткөрөм деп убада берген. Бул үчүн БШК мүчөсү «партия лидерлеринин бири» менен 550 миң доллар алып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыга албай, 300 миң долларын кайтарып берген», — деп билдирген УКМК.

Ал эми 2022-жылы май айында Акылбек Эшимов Биринчи май райондук соту тарабынан акталган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>