Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү: Прокуратура иликтөөнү баштады

Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү: Прокуратура иликтөөнү баштады

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнү баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Кримтөбөлдүн киши колдуу болушу боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган. Тергөө иштери башталган.

Аны менен бирге кримтөбөл өлтүрүлгөн №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата материалдар каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бул окуяга юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, 30-июлда кылмыш дүйнөсүндө Чыңгыз Дөө каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны камералашы өлтүргөнүн билдирген.

8-июлда бир катар басылмаларда УКМКнын кызматкерлери Жумагуловду кармоого аракет кылганы, ок атышуу болгону, бирок ал качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөгөн.

Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалып, андан кийин соттун чечими менен 7-сентябрга чейин камакка алынган.

Бүгүн, 1-августта Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү өзүнүн туулган айылы Ичке-Сууда (Чүй облусу) жерге берилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>