Финнадзор кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып бердиБыйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
Дагы бир кыргызстандык балбан Дүйнө кубогуна катышат
10.12.2022 | 12:08
Бүгүн, 10-декабрда АКШнын Коралвилл шаарында баштала турган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогуна кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, айрым спортчулар мелдешке келбегендиктен, Дүйнөлүк күрөш уюмунун чечими менен Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча Дүйнө курамасынын катарына киргизилген. Ал 65 килограмм салмакта күрөшөт.
Эскерте кетсек, буга чейин Дүйнө кубогуна кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) катышары кабарланган. Алар аталган мелдеште дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшөт.