Дайынсыз жоголгон келин киши колдуу болду. Окуянын чоо-жайы

Дайынсыз жоголгон келин киши колдуу болду. Окуянын чоо-жайы

Дайынсыз жоголгон келиндин жансыз денеси табылып, ал киши колдуу болгону аныкталган. Бул кылмышка шектүү кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге 1982-жылы туулган Т.Г.нын туугандары аны издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал 17-сентябрда Новопавловка айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлеринен жана тергөөчүлөрүнөн турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө милиция кызматкерлерине Новопавловка айылында дайынсыз жоголгон кыздан мурда батирди ижарага алып жашап кеткен К.Т. аттуу жарандын аркасынан түшүшкөн.

Милиция кызматкерлери К.Т. курулуш жана оңдоо кызматтарын көрсөткөнүн аныкташкан. Ошондой эле анын өздүгүн изилдөөдө К.Т. мурда адам өлтүргөндүгү үчүн соттолгондугу, үч жыл мурун жазасын өтөп, мунапыс менен бошотулгандыгын аныкташкан.

Чүй ОИИБдин ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ИИБнын кызматкерлери Кыргызстандын жараны, Казакстанда 1984-жылы туулган К.Т.нын жүргөн жерин аныкташкан. Ал Ош облусунун аймагынан кармалып, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Сурак учурунда ал Т.Г. аттуу кызды өлтүргөнүн мойнуна алган. Андан соң Бишкектин Биринчи май районунун аймагындагы Ботаникалык бактын түштүк тарабындагы адам өлтүрүү болгон жерди көрсөткөн. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө ал 2 метр тереңдиктеги люкту көрсөтүп, ал жерге аялдын сөөгүн ыргытып жиберген.

«Шектүү К.Т.ны өлтүрүүнүн мотиви. Алар курулуш кызматын көрсөтүүдө түшүнбөстүктүн негизинде чырдашып, анын кемсинткен сөздөрдү айтканы менен түшүндүргөн», — деп билдирет Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

21-сентябрда кылмышка шектүү К.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>