Президент Америкага бизнес-жет учагы менен акысыз барып келди

Президент Америкага бизнес-жет учагы менен акысыз барып келди

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Америкага учуп барган учак боюнча маалымат катчы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, президент Америкага учак менен акысыз барып келген.

“Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет.  Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем.

АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады.

Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.

Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү.

Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек”, — деп билдирди Султанбаев.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары аталган учакты ижарага алып, Америкага барып-келүү канча турарын эсептеп чыгышкан. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>