Даламандан Бишкекке биринчи чартердик каттам ачылды

Даламандан Бишкекке биринчи чартердик каттам ачылды

Бүгүн, 29-июнда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик рейс “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты, деп билдирет аэропорттун басма сөз кызматы.

Биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Даламанга 178 жүргүнчү учуп кетти.

Иш-чарага Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Айбек Байышбаев, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш иштер боюнча орун басары Расул Мамашов, Roxiana Travel Company Башкармалыгынын төрагасы- башкы директор Тавфикбек Азизов, Түркиянын Туризм министринин кеңешчиси Ахмет Хамди жана башкалар катышты.

Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>