Кыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алды
Дарыгерлер Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыгышты
03.02.2022 | 13:02
Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери медициналык мекеменин кайра түзүлүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты.
Тактап айтканда, оорукананы 2004-жылдан бери жетектеп келген Сабырбек Жумабековдун башкы дарыгерликтен алынып жатканына дарыгерлер нааразы.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун базасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу пландалып жатканын билдирген.
“Бул адамдар күнү-түнү жардамга кайрыла турган көп тармактуу медициналык мекеме болот. Учурда документтерди мыйзамдуу даярдоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом