Дыйкандар жүгөрүлөрүн сата албай жатат

Дыйкандар жүгөрүлөрүн сата албай жатат

Дыйкандар кампаларындагы жүгөрүлөрүн сата албай жатышат. Жалпы дээрлик 129 миллион долларлык жүгөрү кампаларында сакталып турат.  Буга Айыл-чарба министрлигинин квота маселеси жолтоо болууда.  Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында дыйкан Бакыт Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, айыл-чарба министрлиги жүгөрүнү тышка сатуу үчүн атайын квота берээрин, квота алган дыйкандар гана чет өлкөлөргө экспорттоо укугуна ээ болот деген эреже киргизген.  Бирок, министрлик ал айткан убадаларын аткарбай, дыйкандарга атайын квотаны бербей койгон. Ошентип, кампаларда сакталып турган дээрлик 129 млн. долларлык сырье кармалып турат. Бийлик бул чектөөсүн алып же квотасын бербесе түшүмүн сата албай убара.

Жүгөрү экспорттоого тыюу салуу 2020-жылдын ноябрында киргизилген. 2021-жылдын октябрь айында Айыл- чарба министри Аскарбек Жаныбеков тыюу салуу жакын арада алынаарын билдирген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>