Таласта бир үйдөн 21 кг ашуун марихуана табылды (видео)

Таласта бир үйдөн 21 кг ашуун марихуана табылды (видео)

Талас шаарынын тургунунун үйүндө 21 кг ашык марихуана табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Талас облусунун ИИБ менен биргеликте Талас шаарындагы үйдөн кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Жеке үйдүн сарайынан марихуана өзгөчө жытына ээ болгон өсүмдүк ичинде бар 1,5 кап табылган. Андан ары ушул эле үйдүн аймагында жайгашкан мончодон ичинде май суюктугу бар литрдик пластик бөтөлкө табылган. Экспертизанын алдын ала корутундусу боюнча аталган суюктук каннабис экстракты болгон. Алынган марихуана затынын жалпы салмагы 21 кг 385 грамм, каннабис экстрактыкы 475 граммды түзгөн.

Бул кылмыш ишинин негизинде, көрсөтүлгөн дарек боюнча жашаган 1984-ж.т. жаран У.А. кармалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тэги: марихуана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>