logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Дастан Жумабеков Германиянын шаарын дагы туура эмес айтты

Дастан Жумабеков Германиянын шаарын дагы туура эмес айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Германиянын Франкфурт-на-Майне деген шаарын дагы туура эмес айтып алды.

Ал бул жолу спикер шаардын атын «Франкфурт-на-Маяне» деп окуп,  кайрадан интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү.

Дастан Жумабеков буга чейин да Германиянын шаарын туура эмес айтып, коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Мындан башка парламент жыйынында ”кулакка тээп, лапшаны илип” деп көчө лексикону менен сүйлөгөнү, Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орусча текст окуганы жана акын Зайырбек Ажыматовго таандык ырды өзүмдүн ырым деп журналисттерге окуп бергени кызуу талкууга түшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>