Нарында 12 градус суук. Дем алышка карата аба ырайы

Нарында 12 градус суук. Дем алышка карата аба ырайы

Эртең, 3-декабрда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Башка облустарда жаан-чачын, кар жаашы күтүлбөйт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.

4-декабрда күндүз Таластан башка облустарда жаан-чачын, кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусундагы абанын температурасы:

3-декабрда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
4-декабрда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Таласта:

3-декабрда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
4-декабрда  түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында:

3-декабрда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
4-декабрда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда:

3-декабрда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
4-декабрда  түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Нарында:

3-декабрда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
4-декабрда  түнкүсүн -7…-12, күндүз -7…-12.

Бишкекте дем алыш күндөрү жаан-чачын, кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы 3-декабрда түнкүсүн -5…-7, күндүз +1…+3, ал эми 4-декабрда түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>