Ошто жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталды

Ошто жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталды

Ошто жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө белгисиз ит тиштеп алганы боюнча дарыгерлерге кайрылган 18 адам каттоого алынды, алардын 14ү балдар. Бардык жабырлануучулар ребиолог тарабынан текшерилип, консультациялар берилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаарда эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар күчөтүлдү. Кызматтар ээси жок иттерди атуу боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Мындан тышкары, ит ээлери ок атылган учурда доомат болбошу үчүн бардык тиешелүү сейилдөө чараларын, анын ичинде керектүү эмдөөлөрдү, тумшуктарды, боолорду ж.б. сакташы керек», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия ошондой эле жарандарды өзгөчө кечинде балдарды көчөдө кароосуз калтырбоону суранат. Жолбун иттердин көрүнүшүнө этият болуңуз.

Кол салуу болгон учурда тез жардам кызматынын 103 номерине же Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна: Курманжан Датка көчөсү, 157, телефон 0322248597 кайрылуу керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>