Депутат Абиров катышкан мушташ боюнча эки киши кармалды

13.03.2023 | 20:54

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмышка шектүү катары эки киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган П.Э.   1987-жылы туулган А.Д. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн бардык зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

https://reporter.kg/deputat-abirov-kyzotchyny-sabagan-video-milicziya-emne-dejt/

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top