Аксыда өрт чыккан оорукананын чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү 

Аксыда өрт чыккан оорукананын чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү 

Аксы районунда жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имаратынын чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 13-14-мартта саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору, Жалал-Абад облусунун ММК фондунун жетекчиси облустун аймагында болушту.

Алар бир күн мурун өрт чыккан Аксы шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имараты жана башка бөлүмдөрдү көрүштү. Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөгөн аялдар менен баарлашты.

Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйгөн, өрт имараттын ичине таасирин тийгизген эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичи тазаланып, жабдыктар орнотулууда.  Өрттөн келтирилген зыян эсептелинет. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун ММК фондунун башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалганын, анын ичинен 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Иш сапардын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. «Кудайга шүгүр, кечээ бейтаптар өз убагында эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Биз реанимация жана башка жабдыктарды алып чыгууга үлгүрдүк», — деди министр.

Облустук координаторго, ММК фондунун башчысына жана Аксы КЭБдин директоруна тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоо тапшырылды. Мындан тышкары, министр райондун акими Замирбек Сыдыковго ыраазычылык билдирип, оңдоо иштерин жеке көзөмөлгө алып, бардык жардамдарды көрсөтүүнү убадалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>