Депутат Айдарова жазасын өтөп жаткан аялдардан кабар алды

Депутат Айдарова жазасын өтөп жаткан аялдардан кабар алды

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги менен биргеликте №2 аялдар абагына барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач эл өкүлү ал жердеги аялдардын жашоо шарты, ошондой эле алар жасаган жумуштары менен таанышып чыкты.

Андан соң абактагы аялдардын жаңы жыл майрамы менен куттуктап: “Сиздердин маанайыңыздарды көтөрүп, жашоо шартыңыздарды көрөлү деп келдик. Кийинки жылдары өз үйүңүздөрдө майрам тоскону насип этсин. Жакшылыктан үмүт үзбөсөк баары жакшы болот”, — деп сабырдуулукка чакырып өттү.

Депутаттын демилгеси менен аялдарга майрамдык концерт тартууланып, эл өкүлү жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Белгилеп кетсек, учурда аталган абакта 220дан ашык аял жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын айрымдары тигүүчүлүк менен алектенишет жана нан бышырып акча табышат.

Жазасын өткөрүп жаткан аялдар 18 -70 жаш куракка чейинкилер. Анын ичинде 3 жашка чейинки балдары менен 8 аял бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>