Депутат ар бир үйгө заманбап даараткана салып берүүнү сунуштады

Депутат ар бир үйгө заманбап даараткана салып берүүнү сунуштады

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө республикалык бюджеттин эсебинен заманбап даараткана салып берүүнү сунуштады.

Анын айтымында,  калктын маданиятын көтөрүү боюнча өкмөт тарабынан атайын программа иштелип чыгышы керек.

“Бул программага ылайык мамлекет өзүнүн эсебинен ар бир үйгө заманбап даараткана душу менен санитардык блок салып бериши керек. Жарандын жашаган үйүнө жараша аларды 3 түргө бөлсөк болот. Ага кеткен каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп, ар бир жаран ал сумманы ипотека катарында 15 же 20 жылдын ичинде төлөп бериши зарыл”, — деди депутат.

Ошондой эле, Арсланбек Малиев өлкө боюнча бир дагы мамлекеттик мекеме заманбап дааратканасы жок курулбашы керектигин айтып: “Азыркыга чейин мектеп курулса, дааратканасы сыртында жайгашат. Бул туура эмес. Биз цивилдүү өлкөлөрдүн катарына кошулушубуз керек. Ал үчүн калктын маданиятын көтөрүү шарт”, — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>