Жер-жерлердеги прокурорлорду тазалаш керек, — депутат

Жер-жерлердеги прокурорлорду тазалаш керек, — депутат

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кесиптик бирликтердин, прокуратура органдарынын жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, кесиптик бирликтердин 700 миңден ашык мүчөсү бар.

“Алар алган айлыгынан акча которот. Бирок жалпы канча каражат түшөрүн айтышпайт. 30 жылдан бери кыркка жакын гана жетекчи башкарып, алардын алды сексенге чыгып калган экен. Дагы бир жагдай ири мекемелерди арзан баада сатууну адатка айлантышкан. Алсак, Ысык-Көлдөгү “Улан” балдар лагерин 6 гектар жери менен 945 миң сомго, Ош облусундагы “Абшыр-Ата” туристтик базасын жери менен 1 млн сомго гана сатышкан” – деди.

Депутаттык комиссия кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды одоно бузган учурларга күбө болушканын кошумчалаган Шайлообек Атазов андыктан аталган маселени тыкыр иликтөө керектигин белгиледи.

Андан тышкары, прокуратура органдарынын ишинде да кемчиликтер көп экенин айткан депутат Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен айрым мыйзам бузуулар кайра калыбына келтирилгенин билдирип, «жер-жерлердиги прокурорлорду дагы тазалаш керек деген ойдомун» — деди.

Муну менен катар бажы тармагы да былтыр бекитилген планды 24 млн сомго аз аткарганын эске салып, айрым адамдардын ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>