Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту
Россияда ит балыкчыны атып алып, ал көз жумду. Иш сотто каралат
25.01.2023 | 12:14
Россиянын Тюмень облусунда ит балыкчыны атып алып, ал адам ошол жерде каза болгон. Аталган окуя боюнча иш эми сотто каралат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.
Маалым болгондой, былтыр 30-октябрда эки дос Чоң Шишкарым көлүнө балык уулоого барган. Алардын бири жанына мылтык алып алган. Көлгө жеткенден кийин ал октолгон мылтыкты чананын үстүнө ачык калтырып койгон. Бир кезде арабанын жанында ойноп жаткан иттердин бири мылтыкты басып алып, ок балыкчылардын бирине тийген. Ок жеген адам окуя жеринде каза болгон.
Аталган окуяга байланыштуу мылтыктын ээси этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси боюнча айыпталууда. Ал ок атуучу курал менен колдонуу эрежелерин бузганы, шалаакылык жасаганы айтылат.
Сот 6-февралга белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз