КУУнун журналистика факультетинин деканы жаштар Жеңиш тарыхын кандай кабыл алары тууралуу айтып берди

Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган тегерек столдо заманбап жаштар Улуу Ата Мекендик согуш темасын кандай кабыл алары жана эмне үчүн салттуу ыкмалар бул жерде иштебей калганы тууралуу айтып берди.
Бир жарым сааттын ордуна 15 секунд
Костюктун айтымында, бүгүнкү күндүн негизги көйгөйү — жаштардын тарыхты билүүнү каалабастыгы эмес, маалыматты кабыл алуу форматынын өзгөрүшү. Жаштардын көңүл буруусу (концентрациясы) болжол менен 15 секундду түзөрү илимий жактан далилденген. Мурда студенттер бир жарым сааттык лекцияны тынч угуп отурган жерде, бүгүн мугалимдер ар бир жарым саат сайын аудиторияны башка темага буруп, андан кийин кайра кайтарууга мажбур болушууда.
«Азыркы жаштар негизинен визуалды жана кыска рилстерди кабыл алышат. Бул биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды, биз мындан эч жакка качып кутула албайбыз», — деп белгиледи ал.
Маалыматтык ашыкча жүктөм да кыйынчылыктарды жаратууда: башкалардын катарында жаштар интернеттен Экинчи дүйнөлүк согушту англистер менен америкалыктар жеңген деген версияны жолуктурушат. «Мунун тескерисин ишендирүү чоң эмгекти талап кылат», — деп моюнга алды Костюк.
10 жаштан 17 жашка чейинки боштук
Эксперт системалык көйгөйдү белгиледи: кыргыз журналистикасы 7 жашка чейинки балдар үчүн (мультфильмдер, берүүлөр) жана чоңдор аудиториясы үчүн контент жаратат. Бирок патриоттук сезимдер жана коомдук аң-сезим калыптана турган 10 жаштан 17 жашка чейинки мезгил иш жүзүндө интернет менен социалдык тармактардын эркине берилип калган.
«Жаштардын бул 7 жылын интернет тартып алууда. Жана ал жактан алар бардыгын — анын ичинде тарых тууралуу жалган маалыматтарды да алышат», — деди Костюк, өспүрүмдөр менен максаттуу ишти дал ушул 10 жаштан баштоо керектигин кошумчалап.
Эмне натыйжа берет: архивдер, QR-коддор жана студенттик кино
Февраль айында факультетте кыргыз элинин Жеңишке кошкон салымы тууралуу баяндаган уникалдуу архивдик документтердин «УАМС Эс-тутум аймагы» (Территория Памяти ВОВ) көргөзмөсү иштей баштады. Стенддерде жоокерлердин алдында ырдап жаткан артист Сайра Кийизбаеванын сүрөттөрү, салгылашуу жерлери белгиленген карталар жана «Фронттон кабарлар» — фронтовик-акындар Темиркул Үмөталиев, Сооронбай Жусуев жана Аалы Токомбаевдин ырлары коюлган.
Экспозиция атайын даярдалган тематикалык аудиторияда — орусиялык «Мен эстейм» жана «Жеңиш монументтери» долбоорлорунун көмөгү менен 2026-жылдын февралында ачылган «УАМС тарыхый мейкиндиги кабинетинде» орун алган.
Кабинет Кыргыз ССРинин фронттогу жана ооруктагы эрдиктери жөнүндө эки тилдүү маалымат стенддери менен жабдылган. Уюштуруучулардын ой-максаты боюнча, бул катып калган музей бөлмөсү эмес, изилдөөлөр жана талкуулар үчүн жандуу аянтча. Дал ошондуктан УАМСке арналган экспозициялар статикалык болбойт — аудиториянын тынымсыз кызыгуусун кармап туруу үчүн алар дайыма өзгөрүп, алмашып жана жаңы темалар менен толукталып турушу пландалууда.
Жаштар тарыхты өз алдынча тереңирээк изилдей алышы үчүн, бардык материалдар QR-коддор менен жабдылган. Алар аркылуу мемориалдар жана эстеликтер тууралуу маалыматтар дайыма толукталып жана жаңыланып турат, ал жерден студенттер жаңы маалыматтарды биле алышат. Мындай динамикалуу формат өз жемишин берүүдө: студенттердин реакциясы күтүлбөгөн жерден чын ыкластуу жана жандуу болду.
Ширин Костюк белгилегендей, көргөзмөнүн материалдары менен таанышкандан кийин ал студенттерден көп учурда төмөнкү сөздөрдү угат:
«Ширин Аалиевна, “силер — жеңүүчүлөрдүн урпагысыңар” деп айтышканда, мен эми түшүндүм. Көрсө, менин чоң атам так ушул жерде согушкан экен. Демек, мен дагы жеңүүчү турбайымбы!»
Көргөзмө мейкиндигин өнүктүрүү менен катар эле, факультет Жеңиш тууралуу студенттик кыска метраждуу тасмалардын фестивалын өткөрөт. Өткөн жылы ага тогуз мамлекеттен эмгектер жөнөтүлгөн. 1945-жылы кыргыз элинин Жеңиш күнүн белгилөөсүнүн сейрек кездешүүчү архивдик кадрларына негизделген тогуз мүнөттүк тасма өзгөчө ийгиликке жетишкен — Орусия элдеринин ассамблеясынын сунушу менен ал тасма Москва эл аралык кинофестивалында сынактан тышкары көрсөтүлгөн. Учурда бул тема боюнча дагы төрт студенттик тасма өндүрүштө.
Жаштар башкача, бирок жаман эмес
«Жаштар, албетте, башкача. Ишендирүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок алар баары бир өздөрү жөнүндө айтылган сөздөргө караганда жакшыраак. Алар менен жөн гана иштеш керек», — деп жыйынтыктады Костюк.
Ал болочок журналисттер жогорку окуу жайын аяктагандан кийин коомдук аң-сезимди өздөрү калыптандыра баштай тургандыгын — жана алардын кандай баалуулуктарды жетекчиликке аларынан көп нерсе көз каранды болорун баса белгиледи.