Аз жерден жол кырсыкка кабыла жаздадым, — депутат

Аз жерден жол кырсыкка кабыла жаздадым, — депутат

Бүгүн аз жерден жол кырсыкка кабыла жаздадым. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тентишев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окуя Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа жолдун кесилишине туруп алган.

Депутат Кыргызстандын жарандары тарабынан чет өлкөлөрдөн алынып келген унаалар жол кыймылынын эрежесин бузганда аларга карата кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Исраилов башка өлкөлөрдөн келген унаалар чек арадан өтөрү менен убактылуу каттоого алынарын жана алар жол кыймылынын эрежесин бузса маалымат базасында жок болгон күндө дагы айып пул төлөйт

“Чет өлкөдөн унаа алып кирген жаран 6 айга убактылуу каттоого турат. Алты айдан кийин аларды кайра алып чыгышы керек. Кыргызстанда аларды сата албайт”, — деди Исраилов.

Ал эми депутат Бакыт Тентишев кээ бир жарандар унааларды алып кирип, жылдап документи жок айдап жүрүшкөнүн жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганын кошумчалады.

Азамат Исраилов бул багытта атайын рейддер жүргүзүлүп, мындай унаалар аныкталарын белгиледи. Ал эми депутат рейд учурунда жол күзөтчүлөр жеринде унааларды маалымат базасына киргизиши керектигин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>