Кыргызстанда сегиз айда 379 адам жол кырсыктан каза болду

Кыргызстанда сегиз айда 379 адам жол кырсыктан каза болду

Кыргызстанда акыркы сегиз айда жол кырсыктан 379 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын сегиз айында жол кырсыктан 552 адам, ал эми бир жылда 868 адам каза болгон.

“Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары 8,9 пайызга азайды. Анын ичинен каза болгон жарандардын саны 31,3 пайызга азайган. Былтыркы жылга салыштырмалуу байыл каза болгон адамдардын саны 173 адамга аз. Ал эми жаракат алгандар жарандардын саны 7,8 пайызга азайды”, — деди Исраилов.

Ошондой эле, ал кырсык Бишкек шаарында, Бишкек —Ош, Бишкек — Нарын —Торугарт жана Балыкчы — Ананьев унаа жолунда көп катталганын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>