Депутат балдардын оюн-зоок борборлорунда медкызматкерлер болушун талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков балдардын оюн-зоок борборлорунда жана оюн аянтчаларында медициналык кызматкерлер иштеши керектигин билдирди. Ал мындай сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Депутаттын айтымында, акыркы убакта балдардын ар кандай кырсыктардан жаракат алган учурлары кескин көбөйдү.
Ал мисал катары Бишкектеги балдар ооруканасынын бөлүм башчысынын маалыматын келтирди.
«Күн сайын болжол менен 450 бала ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылып жатат деп айтылды. Ооруканалардагы узун кезектерди өзүбүз деле көрүп жатабыз», — деди Өмүрзаков.
Анын айтымында, дарыгерлер жаракат алган балдардын көбү соода борборлорундагы оюн аянтчаларынан жана оюн-зоок жайларынан түшүп жатканын белгилешүүдө.
Депутат мындай жайлардын көбүндө биринчи жардам көрсөтө турган медициналык кызматкерлер жок экенине көңүл бурду.
«Эгер күнүнө 450 бала жаракат алса, анда он күндө 4–5 миң учур болот экен. Оюн-зоок борборлорунун ээлери жакшы эле акча табышат. Ошондуктан медкызматкерлер менен келишим түзүп, ар бир жерде жок дегенде бирден адис иштесе болот», — деди ал.
Өмүрзаков балдардын коопсуздугу мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек деп эсептейт.