Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

Баткен облусундагы зыяндуу чегирткелерге каршы авиациялык жана жерде күрөшүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта жалпы 2 400 гектар жер зыянкечтерден химиялык дарылоо аркылуу тазаланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Лейлек району боюнча жалпы 1100 гектар аянт изилденип, анын 900 гектар жер тазаланган. Атап айтканда:
- Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Даштакы участогунда 500 гектар;
- Маргун участогунда 400 гектар жер.
Ал эми Раззаков шаардык мэриясынын аймагында 3600 гектар аянт изилденип, 3000 гектар жерди химиялык иштетүү чечими чыккан.
Ошондой эле Кадамжай району боюнча жалпы 1800 гектар аянт изилдөөдөн өтүп, 1500 гектар жерде химиялык дарылоо жүргүзүлгөн. Алар:
- Майдан айыл өкмөтүнүн Көк-Талаа участогунда 1100 гектар;
- Айрыбаз участогунда 400 гектар жер.
Министрлик мындан тышкары калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, фитосанитардык абал көзөмөлгө алынып, иштер күчөтүлгөн режимде улантылып жатканын билдирди.