Ош шаарында муниципалдык Жаштар борбору ачылды

03.06.2026 | 14:37
Ош шаарындагы муниципалдык Жаштар борбору

Бүгүн, 3-июнда, Ош шаарында биринчи муниципалдык Жаштар борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү, Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана жаштар катышты.

Борбор БУУӨПтүн колдоосу менен курулган. Үч кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат, лидерлик класстары жана конференц-зал жайгаштырылган. Ошондой эле «Арууке» бий ансамбли аталган борбордо ишмердүүлүгүн улантары айтылды.

Мэр Жанарбек Акаев ачылыш учурунда ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура-дизайн багытындагы студенттерине кайрылып, шаарда курулуп жаткан 13 жаңы сквердин үчөөсүн өз алдынча долбоорлоону жана ишке ашырууну сунуштады. Калаа башчысы бул демилге жаштар үчүн практикалык тажрыйба болорун жана мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Теги: Ош шаары
Scroll to Top