Депутат Баткенге бөлүнгөн 500 млн сомдун дайынын сурады

Депутат Баткенге бөлүнгөн 500 млн сомдун дайынын сурады

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусундагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Балбак Түлөбаев 2022-жылдын башында Баткен облусуна жардам катары которулган 500 миллион сом тууралуу сурап: “Бул каражаттар кайда жөнөтүлдү? Так маалымат бергиле”, — деди.

Депутат Эмил Токтошев Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында курман болгон жоокерлердин балдарына берилүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү зарыл экенине токтолуп, аскер кызматкерлеринин тамак-ашын кайра карап чыгуу менен каржылоону көбөйтүү керектигин да белгиледи.

Муну менен катар Баткен облусуна жардам көрсөтүү боюнча ачылган бирдиктүү эсептеги каражат тууралуу сурады.

Өз кезегинде депутат Чыңгыз Ажыбаев чек арадагы жаңжалдан эвакуациялангандар Баткенге кайта алышпай убара тартышканын жүйө келтирип, шалаакылыкка жол берген аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылды. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарынан келген бүтүрүүчүлөр үчүн ЖОЖдорго тапшырууда жеңилдиктер каралышы керектигин айтып жана аталган облуска аба каттамдарын көбөйтүү маселесин кароону сунуштады.

Депутат Максатбек Сарбагышев болсо Баткен облусунун көйгөйлөрү комплекстүү каралып, бардык кырдаалды эске алынышы керектигин билдирип, буга байланыштуу Министрлер кабинетинин маалыматын угуу сунушталганын кошумчалады.

Мындан тышкары, депутат Айбек Маткеримов тиешелүү медициналык мекемелерди ДНК анализин аныктоочу жабдуулар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>