Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Мэрия депутат Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосун түрттүрдү – видео
29.09.2022 | 13:44
Бишкек шаарындагы Шүкүров көчөсү 166 дарегиндеги үйдүн тосмосу түрттүрүлдү. Бул тууралуу видеону мэрия түз эфирде берди.
Буга чейин 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев аталган үй ага таандык экенин жана анын ичинде жеке бала бакча бар экенин билдирген болчу.
Жыйында вице-мэр Нурдан Орунтаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетип, депутат короонун дубалы муниципалдык жерге чыгып кетсе да нааразылыгын билдирген.
Буга чейин мэрия муниципалдык жерге курулган жер үйлөрдүн короолору тротуар салуу үчүн түрттүрүлөрүн эскерткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар