Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты

Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 12-декабрында Бишкек алдыңкы 3 шаардын катарына кирди.

Рейтингде биринчи орунда 741 индекс (AQI) менен Кытайдын Пекин шаары, андан кийин 384 индекс менен Ирактын Багдад шаары болсо, 3-орунда Бишкек шаары болду. 4-орунда Пакистандын Лахор шаары, 5-орунда Индиянын Калькутта шаары, 6-орунда Пакистандын Карачи шаары, 7-орунда Бангладештин Дакка шаары, 8-орунда Индиянын Мумбаи шаары болсо, 9-орунда Индиянын Дели шаары, ал эми 10-орунда Непалдын Катманду шаары турат.

Азыр Бишкек шаарында индекс (AQI) 282 деп турат. Бул — баш калаада аба булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Эгер индекс 150дөн жогору болсо, ден соолукка кооптуу деп эсептелет.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Адистер мунун себебин шаардагы унаалардан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан оргуган түтүн менен түшүндүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>