Депутат: Бүтүрүүчүлөр 20 миң сомго чейин топтоп жатышат

Депутат: Бүтүрүүчүлөр 20 миң сомго чейин топтоп жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 2-июнда парламенттин жыйынында бүтүрүү кечелерине акча чогултулуп жатканын айтып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул маселе тыкыр көзөмөлгө алынышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүү кечелеринен улам кырсыктар болуп келген.

“Жакында окуу жылы аяктайт. Мага ата-энелер кайрылып жатышат. Бүтүрүүчүлөр 20 миң сомго чейип топтоп, бүтүрүү кечесин уюштуруп, кортеж менен көчөлөрдө майрамдайбыз деп жатышыптыр. “Жаштык жиндиликтин бир бутагы” деген сөз бар. Ушундай шаан-шөкөттөн бир нерсе чыгып кетчү эле. Буга чейин дагы ушундай кечелерден улам көп кырсыктар болгон. Бир катаны эки жолу кайталабайлы. Билим берүү министрлигинен ушул маселени тыкыр көзөмөлгө алышын өтүнөм”, — деди депутат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: бүтүрүүчү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>