Депутат чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартууну сунуштады

Депутат чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан»  фракциясынын депутаты Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ал демилгени коомдук талкууга чыгарды.

 “Мыйзам долбоору эмгек стажы үчүн сыйлоо иретинде эмгектик жана социалдык кепилдиктерди, мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарды белгилөө, саясий жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жарандардын ишмердигине стимул берүү максатында сунушталууда», — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

Эмгек кодексинде өргүүнүн убактысы 28 күн деп белгиленген. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу өкмөттүн токтому менен аныкталат. Ага ылайык, экиден сегиз күнгө чейин кошулат.

Буга чейин Коргонбай уулу Жусупбек Жогорку Кеңештин дааратканаларында кагаздар жок экенин айтып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мыйзам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>