Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Депутат Дача СУ окуясы боюнча комиссиянын курамын сынга алды
18.05.2022 | 11:05
Дача СУ окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынын көбү бийликтин адвокаттары экен. Мындай пикирин бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын курамы бир тараптуу болуп жатат.
“Комиссияда техникалык адистер дагы жок экен. Жалаң саясатчылар жана укук коргоочулардан болуп, бир тараптуу болуп жатат. Мен юрист Замир Жоошевди дагы комиссиянын курамына кошуп коюну өтүнөм. Анткени, ал дагы бул боюнча суранган”, – деди Атамбаев.
Буга чейин президент Садыр Жапаров жарлык чыгарып, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом