Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопко тартуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопко тартуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун колдоду. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

69 эл өкүлү макул болуп, каршы чыккандар болгон жок.

Жыйында депутат Сүйүн Өмүрзаков Эмил Жамгырчиев Өзбекстандын криминалдык лидери менен жолугуп, парламентти уят кылганын айтты.

«Барса Өзбекстандын президенттине барбайбы бизди уят кылбай. «Салимбай байбача» Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы экенин баары билет», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелүүдө. Бул берене боюнча 50 миң-100 миң сомго чейин айып пул жана 2-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

2022-жылы 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Депутатка каршы  2018-жылы пара алуу айыбы менен козголгон кылмыш иши сотто кароо дагы кайра жанданды. Ал Бишкек шаарын Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Жогорку Кеңеш буга чейин Башкы прокуратуранын депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>