Элди бөлбөгүлө! Депутат тонировканын баасын түшүрүүнү сунуштады

Элди бөлбөгүлө! Депутат тонировканын баасын түшүрүүнү сунуштады

Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн акысын түшүрүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов билдирди.

Анын айтымында, унаанын айнегин караңгылатуу 80 миң сом тургандыктан, ага колунда бар адамдардын гана акчасы жетет. Бул жагдай элди акчасы бар жана акчасчы жок деп экиге бөлүп жатат.

«Айнекти караңгалатуунун баасын түшүрүш керек. 80 миң сом деген өтө кымбат. Бул маселе элди бай-кедей деп экиге бөлүп жатат. 80 миң сомду айыл жергесинде ар бир адам төлөй албайт. Бирок ал элге окшоп жүргүсү, унаасынын айнегин караңгылаткысы келет. Мурда 30-40 миң сом болот деп айткансыздар. Мен бул эл аралык практиканы билем, башында бааны кымбат коюп, акча чогултуп, кийин арзандатылышы керек болчу. Бир жыл өткөнү менен баа ошол бойдон турат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксаттын баасы жеке адамдар үчүн 80 миң, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомду түзөт. Аталган уруксат бир жылга берилет. Ошол эле учурда, уруксаты жок унаасынын айнегин караңгылаткан жарандарга 20 миң, юридикалык тараптарга 40 миң сом айып пул каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>