Майлуу-Сууда абал кандай?

Майлуу-Сууда абал кандай?

Майлуу-Суу шаарында №4 отказанды иштетүү колго алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган отказан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздайт.

“17-январь саат 10:00гө карата Майлуу-Суу шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш алып барылууда. Учурда калаадагы 198 абонентти жылуулук менен камсыздаган №4 отказанга атайын электр линиясы тартылып, насос орнотулуп, Майлуу-Суу дарыясынан отказанга сууну сордуруу жолу менен иштетүү боюнча жумуштар жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн калкты тиричиликке керектүү суу менен камсыздоо максатында ӨКМдин 4 өрт өчүрүүчү унаасы жана жергиликтүү бийликтин 2 суу ташуучу унаасы таза суу ташып берүүдө.

Ошондой эле ППУ (атайы пар берүүчү унаасы менен №4 отказандын кээ бир тоңуп калган системаларын жана Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө жылуулук берилүүчү сыртта жайгашкан тоңуп калган суу түтктөрүн ээритүү иштери аткарылды.

Жеринде ӨКМ башчысынын орун басарлары полковник Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов министрликтин жана ЖК кызматтарынын атайын тобун жетектеп, ыкчам түрдө тиешелүү демилгелерди көтөрүү менен тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алышууда.

Эске салсак, 12-январда болгон катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураган. Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>