Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлөт

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлөт

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окуу менен жактырды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев мыйзам долбоорунун максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын белгиледи.

2021-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүүгө ниеттенип жатканын айткан. Ал бул демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырыларын билдирген.

Исфана шаары — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>