Депутат «Кумтөрдүн» кирешеси боюнча отчет талап кылды

Депутат «Кумтөрдүн» кирешеси боюнча отчет талап кылды

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов буга чейин «Кумтөрдү» жетектеген «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин жетекчиси  Теңгиз Бөлтүрүктү парламентке чакырууну сунуштады.

Ал депутаттар эл өкүлү катары «Кумтөрдүн» кирешеси боюнча маалымат угушу керектигин билдирди.

«Кыргызстандан 19 тонна алтын (сыртка — ред) чыкканы айтылууда. «Кумтөрдү» мамлекетке өткөрүп жатканда, аны колдоп бергенбиз. «Кумтөрдү» мамлекетке өткөрсөк, Кыргызстан бакубат жашайт, сырткы карыздардан кутулат дегенбиз. Бүгүнкү күнү «Кумтөр» кандай, кайсы келишим менен иштеп жатат,  Теңгиз Бөлтүрүк ким, ал эмнеге кызматтан алынганын билели. Эсеп палатасы кандай текшерүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат угалы. Бугүнкү күнү элдин, президенттин «Кумтөр» боюнча үмүтү акталып жатабы?», — деп суроо салды депутат.

Ал ошондой эле, «Кумтөрдүн” алтыны, түшкөн киреше боюнча Теңгиз Бөлтүрүк, Улуттук банктын төрагасы жана башка тиешелүү органдарнын маалыматын угууну сунуштады.

Буга чейин маалымдалгандай, Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам бузууларга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башчысы кызматынан бошотулган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>