Парламенттин өкмөткө эч кандай рычагы калбай калды, — Акаев

Парламенттин өкмөткө эч кандай рычагы калбай калды, — Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты 7-сентябрдагы жыйынында парламенттин министрлер кабинетинде эч кандай рычагы калбай калганын  айтты.

Анын айтымында, эгерде буга чейин депутаттар өкмөттүн бюджетин кабыл ала албай койсо, анда өкмөттүн бардык мүчөлөрү отставкага кеткен.

“Эмне үчүн өкмөт бизди тоготпойт? Мурда рычагыбыз болчу. Эгер өкмөттүн отчетун кабыл албай койсок, анда өкмөт толук курам менен отставкага кетүүгө аргасыз болчу. Азыркы баш мыйзам боюнча андай эмес. Азыр мыйзам боюнча рычагыбыз калбай калды. Биздин азыр жалгыз таянган күчүбүз бул микрофон”, — деди депутат.

Ал өлүм жазасын киргизүү маселесине токтолуп, азыркы сот системасы менен демилге күмөндүү экенин, анткени бул тизмеге бейкүнөө жарандарды киргизсе болорун белгиледи.

«Ооба, биз адамчалыш айбандарды аябашыбыз керек. Бирок азыр канчалаган адамдар абакта күнөөсү жок отурушат. Биз бул жөнүндө ойлонушубуз керек. Өлүм жазасын киргизебиз десек, анда бир эле мыйзам аздык кылат, референдум өткөрүү керек», — деди ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, депутаттар эл өкүлү болгондуктан Курултайдын өтөрүнө да нааразы.

«Эгер референдум боло турган болсо, анда ал жерде парламенттин ролун бекемдеп, аны күчөтүү керек. Парламент өкмөттүн ишин көзөмөлдөп тургандай болушу керек», — деди Акаев.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>