Депутат Кыдыралиев: Текебаевди канчалык урматтасак, ал биздин пикирибизди кабыл албайт

Депутат Кыдыралиев: Текебаевди канчалык урматтасак, ал биздин пикирибизди кабыл албайт

Өмүрбек Текебаевди канчалык урматтасак, ал биздин пикирибизди угуп да койбойт, кабыл албайт. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биз Өмүрбек Чиркешовичти сыйлайбыз, ал мыкты депутаттардын бири. Бирок, менин оюмча, ал биздин оюбузду кабыл албайт. Мен бул кемчиликти байкадым. Ал дайыма өзүнүн пикирин гана көтөрүп жүрөт. Азыр жаңы Конституциянын долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз ар дайым чогуу талкуулайлы деп айтабыз. Ал эми Текебаев биздин делегация Москвада жүргөндө тарыхта биринчи жолу ал жактагы митингге мекендештерибиз барганын айтууда. Ооба, бул буйрук. Бул жөнүндө эмне үчүн сүйлөшүү керек. Биз 2010-жылдагы Конституция менен жашаганбыз, бирок ал жакшы нерсе алып келген жок. Эмне үчүн азыр өзгөртүүлөрдү киргизип, башкаруу формасын чече албайбыз? Бул элдин талабы», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Референдум жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>