Депутат мигрант-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады

Депутат мигрант-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 29-сентябрда Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов, «Россиянын мобилдик кадрлары» башкармалыгынын төрагасы Владислав Шамин жана Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар миграциялык саясаттын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Миграциялык каттоо, иш берүүчүлөр менен эмгек мигранттарынын ортосунда эмгек келишимдерин түзүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу көйгөйлөрү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле, жыйындын катышуучулары Э.Жамгырчиевдин мигрант-акыйкатчы институтун түзүү демилгесине токтолушту.

«Миграция маселелерин талкуулоо биздин «Альянс» фракциясынын күн тартибиндеги приоритеттүү маселелеринин бири, биз Россия Федерациясында иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө иш алып баруудабыз», — деди Э.Жамгырчиев.

Эл өкүлү бул маселени чечүү боюнча бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз башкаруунун бүткүл вертикалы боюнча алакаларды жогору баалайбыз, анткени аткаруу бийлигинин катардагы курамы көп учурда жөнөкөй жарандардын көйгөйлөрүн жакшы билишет», — деди ал.

Мындан тышкары, депутат Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмоновго Кыргызстандан барган эмгекчилердин укуктарын толук ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов россиялык тараптын Кыргызстандын парламенти менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди, ошондой эле Россиянын миграциялык саясатын реформалоонун жүрүшүнө кеңири токтолду.

Анын айтымында, узак мөөнөттүү келечекте өзгөртүүлөр миграциялык саясатты жөнгө салуу процесстерин автоматташтырууга жана санариптештирүүгө багытталганын белгиледи.

Ошондой эле «Россиянын мобилдик кадрлары» башкармалыгынын төрагасы Владислав Шамин эки өлкөнүн ортосундагы интеграцияны тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн жаштары биригиши керек. Биргелешип, тынчтыкта жана биримдикте гана биз максаттарыбызга жетип, мамлекеттерибиздин өнүгүшүнө салым кошо алабыз», — деп жыйынтыктады В.Шамин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>