Таласта ак илбирсти атып өлтүргөн жаран борбордон кармалды — сүрөт

Таласта ак илбирсти атып өлтүргөн жаран борбордон кармалды — сүрөт

Бишкек шаарында 44 жаштагы жаран ак илбирстин териси жана баш сөөгү менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы А.С. аттуу жаран «Кудайберген» базарына жакын жерде колго түшүрүлгөн. Анын кара баштыгынан ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси боюнча («Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жо кылуу») кылмыш иши ачылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ак илбирсти Талас облусунда атып алганы аныкталган. Ага байланыштуу кылмыш ишин тергөө Талас облустук милициясына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ак илбирстердин саны 300-400дү түзөрү айтылат. Кызыл китепке киргизилгендиктен аны атууга тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>